Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:23

28-августта алтын, көмүр кендер боюнча аукцион өтөт


Бул тууралуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик июлда жарыялаган болчу.

Аукционго коюлган 12 кендин ичинен Чаткалдагы Башкытерек алтын кени жана Жумгалдагы Акулак көмүр кени казууга, калгандары изилдөөгө берилет.

Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматтык ресурс башкармалыгынын башчысы Улан Рыскуловдун “Азаттыкка” билдиришинче, аукционго катышууга азырынча 15тей арыз түштү. Арыздарды кабыл алуу бүгүн токтойт. Аукцион эртең саат 13:00дө КТРКнын имаратында өтөт.

Кендер өткөн жылы тоо-кен тууралуу мыйзамга киргизилген өзгөртүүнүн негизинде аукционго коюлуп жатат. Ага чейин эки тараптуу сүйлөшүү аркылуу иштетүүгө берилчү. (AKu)

XS
SM
MD
LG