Президент Алмазбек Атамбаев жаңы коалиция түзүүнү Жогорку Кеңештин Социал-демократтар фракциясына тапшырды. Буга байланыштуу жарлыкка бүгүн кол коюлганын президенттин маалымат катчысы Кадыр Токтогулов өзүнүн Твиттер баракчасына жарыялады. КСДП фракциясы ушуну менен парламенттеги коалициялык көпчүлүктү түзүү мандатын үчүнчү ирет алды.
Мыйзам боюнча 15 жумушчу күндүн ичинде, 17-сентябрга чейин коалиция түзүлүп, премьер-министрликке талапкерлер көрсөтүлүш керек. Талапкерлер программасын иштеп чыгып Жогорку Кеңешке алып чыгышы зарыл.
22-августта “Биримдик” коалициясы өз ишин токтотконун коалициянын башчысы, "Республика" фракциясынын депутаты Канатбек Исаев жарыялаган. Былтыр декабрда "Ата Мекен", "Ар-Намыс", "Республика" жана Социал-демократтар фракциялары биригип түзгөн коалициядан 21-22-август күндөрү "Ар-намыс" менен "Ата Мекен" чыгып кеткен. Ал эми 24-августта президент өкмөттү кызматтан кетирүү боюнча жарлыкка кол койгон. (КЕ)