Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:25

Депутат Бакир уулунун баласы пара алды деп шектелүүдө


Ош облустук прокуратурасы Баткен облустук прокуратурасынын кызматкери Каныбек Бакировго 305-берене (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланды) боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев кабарлады. Маалыматка ылайык, 2011-жылы Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын кызамткерлери тууганын кыйнаганын айтып прокуратурага А.П деген жаран кайрылган. Бакиров милицияга кылмыш ишин козгоо үчүн 2 миң доллар жана беш миң сом пара алган деп шектелүүдө. Андан сырткары ИИМ тарабынан анын 2004-жылы жасалган кылмышка катыштыгы бар экени аныкталган.

Буга чейин Каныбек Бакиров Баткендеги Кызыл-Кыя шаарынын милициясынын үстүнөн арыз жазган. Өзүнүн “Азаттыкка” айтымнда, 11-августта түнү унаасы бузулуп жол боюнда токтоп турганда милиция кызматкерлери келип документтерин көрсөтпөй, уруш чыгарып күч колдонгон. Жанындагы 15 миң долларынын 11 миңин алып алган.

Каныбек Бакиров Жогорку Кеңештин депутаты Турсунбай Бакир уулунун баласы. (КЕ)

XS
SM
MD
LG