Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:52

Аба ырайы


28-августта түнкүсүн дээрлик жаан жаабайт. Күндүз айрым аймактарда күн күркүрөйт, бийик тоолуу аймактарда кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +13...+18, күндүз +25...+30;
Талас облусунда түнкүсүн +8...+13, күндүз +24...+29;
Баткенде түнкүсүн +12...+17, күндүз +26...+31 градус;
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +14...+19, күндүз +27...+32;
Ысык-Көлдө түнкүсүн +11...+1, күндүз +21...+26;
Нарында түнкүсүн +6...+11, күндүз +24...+29;
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн 0...+5, күндүз +19...+24;
Тоолордо түнкүсүн -3...+2, ал эми күндүз +8...+13 градус болот.

Бишкекте дээрлик жаан жаабайт, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден күндүз 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +16...+18, күндүз +28...+30 градус болот.

Бүгүн (27-августта) эртең менен Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 22 градус жылуу болду.(КЕ)

XS
SM
MD
LG