Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:55

Кыргызстанда жаңы оппозициялык блок түзүлдү


“Кыргызстанды сактоо” кыймылы демилгечи болуп түзгөн блокко оппозициялык партиялар, бир катар кыймылдар, анын ичиндеги коомдук бирикмелер кирет. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Кыргызстанды сактоо” кыймылынын төрагасы Мукар Чолпонбаев билдирди.

- Мындай аракет менен биз бийликти кетсин деп чыгып жатабыз. Себеби азыркы бийликтин системасы болгон Конституция туура эмес, экинчиден, бийликтегилер таза адамдар эмес. Бийлик дегенде биз президенттен баштап, парламентке, өкмөткө каршыбыз.

Мукар Чолпонбаев жаңы өкмөттү башка адамдар түзүш керек деп эсептейт. Анын айтымында, ал оппозициялык уюм, партиялардан турган блоктор болушу мүмкүн. (AKu)

XS
SM
MD
LG