Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:19

ТИМ Ж.Бакиев тууралуу КМШнын аткаруу комитетине билдирди


Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин (КМШ) аткаруучу комитетине Беларуста жүргөн Жаныш Бакиевди Кыргызстанга өткөрүп берүү маселеси менен кайрылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” ТИМдин басма сөз катчысы Нуржигит Кадырбеков билдирди.

- Минск макулдашуусу боюнча кылмышка шектелип жаткан адам өз өлкөсүнө өткөрүлүп бериш керек. Ал эми КМШ аймагындагы конвенция, бир топ эл аралык келишимдерди ишке ашыра турган орган – бул КМШнын аткаруучу комитети. Ошондуктан аларга кайрылдык.

Жаныш Бакиев 2010-жылдагы окуялардан кийин оор кылмышка шектелип, издөөдө жүрөт. (AKu)

XS
SM
MD
LG