Бул тууралуу "Азаттыкка" саясатчы Азимбек Бекназаров өзү билдирди. Ал апрель, июнь окуялары боюнча соттук иштердин алдыга жылбагандыктан, 2010-жылдагы окуялардан кийин элдин ишенимин актоо жоопкерчилигин сезгендиктен улам ушундай аракетке барып жатканын айтты.
- Өзүмдү бүгүнкү бийликке оппозиционер катары жарыялайм. Конституцияга “оппозиционер деген мындай болот, тигиндей бийликке ээ” деп жазган менен андан качып жатышат. Баары бийликке, коалицияга кирүүгө аракет кылууда. “Оппозиция бар коомдо гана акыйкаттык болот” деп Черчилл айтып кеткен да.
Азимбек Бекназаров 29-августта өткөрө турган маалымат жыйынында коррупция кантип өнүгүп, ага кимдер аралашып жатканын айтып чыгарын кошумчалады. (AKu)