Бул тууралуу Беларустун Кыргызстандагы элчиси Виктор Денисенко бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Элчи беларустук активист Михаил Пашкевичтин айткандарына жеке өзү ишенбей турганын, бул анын депутаттыкка ат салышар алдындагы саясий кадамы болушу ыктымалдыгын белгиледи. Анын айтымында Беларустун күч органдары Кыргызстандын Жаныш Бакиевге карата жөнөткөн нотасына байланыштуу иш алып барууда.
Жакында беларустук активист Михаил Пашкевич Кыргызстанда бир катар оор кылмыштар үчүн айып тагылып, Интерпол аркылуу издөө салынган мурдагы президенттин иниси Жаныш Бакиевди Минскиде көрүп сүрөткө тартып алган . Анын сүрөттөрү интернетке жарыяланып кеткен соң кыргыз коомчулугунда Беларус бийлигине нааразылык кайра жанданган. Кыргызстан ТИМи Белоруска буга байланыштуу атайын нота жөнөткөн. (КЕ/BkA)