Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:53

“Ата-Журт” үч депутатынан баш тартты


Жогорку Кеңештин депутаттары Нарынбек Молдобаев, Хажимурат Коркмазов жана Роман Шин “Ата-Журт” партиясынын да, фракциясынын да тизмесинен чыгарылды. Партиянын саясий кеңеши ушундай чечим кабыл алганын бүгүн “Ата-Журттун” маалымат катчысы Нургазы Анаркулов “Азаттыкка” кабарлады. Аты аталган депутаттар партиянын уставдык максаттарын, милдеттерин жана “Ата-Журт” фракциясынын чечимдерин аткарууда кетирген кемчиликтери үчүн тизмеден чыгарылган. Бирок бул үч депутат партия жана фракциядан өз каалоолору менен чыгышканын билдиришүүдө.

Бул депутаттарды партия жана фракциядан чыгарган биринчи окуя эмес. Буга чейин депутаттар Равшан Жээнбеков менен Өмүрбек Абдрахманов “Ата Мекен” партиясынын жана фракциясынын тизмесинен чыгарылган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG