Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясы 1-сентябрда жыйынга чогулат. Парламенттен билдиришкендей, анда өкмөт башчылыкка көрсөтүлүп жаткан талапкерлер талкууланат.
Коалициялык көпчүлүк куроо мандатын алган Социал-демократтар фракциясы премьерликке азыркы президенттин аппарат башчысы Жантөрө Сатыбалдиевдин талапкерлигин сунуштаган. Сатыбалдиевдин талапкерлигин “Ар-намыс” фракциясы да колдогон.
Учурда үч - КСДП, “Ата Мекен” жана “Ар-намыс” фракциялардан турган коалиция курулат деп болжолдонуп жатат.
Мурунку коалициядан “Ата Мекен” менен “Ар-намыс” чыгып кеткенден кийин президент Өмүрбк Бабанов башында турган өкмөттү 24-августта расмий тараткан. (EBM)