Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:28

Аукционго тоскоолдук кылгандар сурак берип жатат


Бул тууралуу “Азаттыкка” Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Айгүл Давлетбаева билдирди. Анын айтымында, Коомдук телерадио корпорациясында түз эфирдеги кендер боюнча аукциондун үзгүлүккө учурашы боюнча шаардык милиция кылмыш иш козгогон. Ошонун алкагында акцияны уюштурган деген шек менен учурда эки адам көрсөтмө берип жатат.

Буга чейин журналист Жолдошбек Токоев шаардык милиция Карыпбек Серенов менен Ыргалай Бекмуратованы кармап кеткенин “Азаттыкка” кабарлаган. (EBM)

XS
SM
MD
LG