Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Январь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:29

“Мекенчил айымдар” кыймылы түзүлдү


“Жарандар коррупцияга каршы” укуктук борборунан маалымдашкандай, бул кыймыл жер-жерлерде аялдарды саясатка тартып, аралаштырууга көмөктөшмөкчү. Аталган борбор ушул айда Баткен жана Жалал-Абад облустарында “Лидерлик жана аялдардын саясатка аралашуусу” деген окутууларды уюштурду. Иш-чаранын негизги максаты кыз-келиндерди талапкер катары ушул күздөгү жергиликтүү кеңештерге шайлоого даярдоо болуп саналат.

Мындай окутуулар май-июнь айлары Нарын менен Таласта уюштурулган, эми Ысык-Көл менен Чүйдө уланмакчы. (EBM)

 

XS
SM
MD
LG