Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, 5 адам мерт болуп, 10 адам жабыркаган жол кырсыгы 31-августта Таш-Көмүр шаарында аймагында, Бишкек-Ош жолунун 465-чакырымында болгон.
Анда Бишкектен Ошту көздөй келе жаткан “Хонда Степвагон” жана “Хонда-Одиссей” үлгүсүндөгү унаалар кагышкан.
Алдын-ала маалыматтар боюнча “Хонда Степвагон” үлгүсүндөгү унаа “Хонда Одиссейди” жол эрежесин бузуу менен ашып өтүүгө аракет кылып, натыйжада кырсык катталган. Кырсыктан кесепетинен Хонда-Степвагондун ичиндеги сегиз жүргүнчүнүн бешөө каза болгон. Каза болгондордон төртөө жаш балдар. Кырсыктан жабыркаган 10 жүргүнчү Таш-Көмүр шаардык ооруканасына жаткырылды.
Кырсык боюнча кылмыш иши козголуп,тергеп-иликтөө иштери башталды.(BkA)