Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:39

БУУ чабарманы: Сирияда эл муктаждыгына жооп берген өзгөрүү керек


Лахдар Брахиминин айтымында, эл муктаждыгына жооп берген өзгөрүү Сирия абдан “тез “ жана “зарыл” болуп турат.

Чабармандык кызматка кечээ расмий киришкен алжирлик ардагер дипломат Нью-Йорктон “ал-Арабия” телеканалына берген интервьюсунда белгилегендей, кыянатчылыктарды токтотуу козголоңчулардын эмес, Сирия өкмөтүнүн милдети эле.

БУУнун чабарманы телеинтервьюсунда анда жаңжалды токтотуу жолдору боюнча жаңы идеялар азырынча жоктугун, Дамаскка качан барууну да чече электигин кошумчалады.

Бул аралыкта Сириянын эң ири шаары – Алеппону көзөмөлдөө үчүн уруш күчөгөндөй. Кабарларга караганда, өкмөттүк учактар шаарды бомбалап, кургактагы күчтөр минёмоттон аткылашса, согушкерлер аскерлерди Алеппонун эски кварталынын кууш көчөлөрүнөн сүрүп чыгарышты. (UE)

XS
SM
MD
LG