Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:17

Жогорку Кеңеш күзгү сессиясын баштайт


Бүгүн V чакырылыштагы Жогорку Кеңеш жайкы тыныгуудан кийинки кезектеги сессияга чогулат. Анда сессиянын расмий ачылышы болот жана регламентке ылайык, депутаттар комитеттерде иштейт. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Толгонай Стамалиева билдирди. Анын айтымында, регламентке ылайык, коалиция тууралуу маселе талкууланбайт, бирок эл өкүлдөрү бул маселени көтөрсө, каралып калышы мүмкүн. Бирок коалиция түзүү милдетин алган КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков буга чейин 3-сентябрда коалиция түзүлгөнү расмий түрдө жарыяланаарын билдирген.

Сессия эрежеге ылайык, сентябрдын биринчи жумушчу күнүнөн кийинки жылдын июнь айынын акыркы жумушчу күнүнө чейин уланат.

Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүн чагылдыруу үчүн бул жылы 90дон ашык жергиликтүү жана чет өлкөлүк массалык маалымат каражаттары, 300дөн ашуун журналисттер каттоодон өттү. Каникул учурунда ак үйдүн жыйындар залында журналисттерге атайын жай даярдалды. Ал жерде 8 компьютер коюлуп, тиешелүү шарттар түзүлдү.

Парламент ушул жылдын 29-июнунда тыныгууга тараган. (AKu)

XS
SM
MD
LG