Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:45

Кыргызстандын бир катар аймактарында өрт чыкты


2-сентябрь түнү алынган маалымат боюнча, Жалал-Абад облусунун Токтогул райоунундагы, Үч-Терек айылынын тааласында чыккан өрт дале уланып жаткан. Адамдарга жана чарбага зыян келген жок.

1-сентябрда Чүй облусунун Аламүдүн районундагы “Теплые ключи” коктусунда 1000 гектарга чукул жер өрттөнгөнүн Өрткө каршы кызмат агенттигинин директорунун орун басары Акматжан Амиршаев билдирди. Тилсиз жоо 2-сентябрь күнү кечинде толугу менен токтотулган.

Акматжан Амиршаев ошол эле күнү Чүй облусунун Кемин районунда да талаа өрттөнгөнун кошумчалады:

- Муздак-Булак деген жердин түштүк тарабында 35 гектар жер күйгөн. Ал жерде да кургак чөп болгон. Азыр чөп аябай кургак болуп турат, тамеки же башка нерсе таштасаң дароо күйүп кетет.

Кеминде да талаадагы өрт толугу менен өчтү. Акыркы өрт кырсыктарынын себеби кургакчылык менен байланыштырылууда. (AKu)

XS
SM
MD
LG