Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:47

Август айында Сирияда 5 миңге чукул адам набыт болду


Сириялык активисттер жекшембиде билдиргендей, куралдуу жаңжалда набыт болгондордун көпчүлүгү – карапайым адамдар. Улуттар Уюмунун Балдар корунун ( ЮНИСЕФ) маалыматында соңку аптадагы кагылыштарда 1600 киши өлгөн.

Сириялык укук коргоочулар жекшембиде өкмөттүк күчтөр Алеппо шаарына урган соккудан, андан тышкары Хомс шаары менен Идлиб провинциясындагы кармаштарда жүздөн ашуун киши өлгөнүн маалымдайт.

Ушул эле күнү Дамаскта мамлекеттик коопсуздук комитетинин имаратына чукул жерде бомба жарылып, 4 аскер жарадар болгонун өкмөттүк сыналгы кабарлады.

Ишембиде эл аралык коомчулуктун Сириядагы чабарманы Лахдар Брахими жаңжалга баткан бардык тараптарды куралдуу кагылыштарды токтотууга чакырып, бул биринчи кезекте сириялык бийликтердин дарегине айтылганын баса белгиледи.

XS
SM
MD
LG