Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:45

Түптөгү өрт 150 гектардан ашты


Түп райоунундагы Солдат капчыгайында өрттү өчүрүүгө бүгүн кошумча 200 адам чыкты. “Азаттыктын” аймактагы кабарчысы Мария Колесникованын айтымында, өрт өчө элек. Адистер өрттөнгөн аймак 150 гектардан ашкандыгын билдирип жатышат. Анын ичинде 20 гектары карагай токойу. Өрт болуп жаткан жер өтө бийик болгондуктан суу менен өчүрүү мүмкүнчүлүгү жок. Казакстандын куткаруу кызматынын бир тик учагы 1 млн. сомго жалданганы айтылууда.

Капчыгайдагы өрт 31-августта чыккан, себептери азырынча белгисиз. (КЕ)

XS
SM
MD
LG