Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:06

Брахими Сириядагы чатак дипломаттык жол менен жөндөлөрүнө ишенбейт


Улуттар Уюму менен Араб Лигасынын Сирия боюнча жаңы чабарманы 17 айдан бери Сирияда жүрүп жаткан куралдуу чатакташууну дипломаттык жол менен жөндөө мүмкүн экенине ишене бербейт. Лахдар Брахими Би-Би-Сиге берген интервьюда сириялыктар күн сайын өлүп жатканда "өзүн пайдасыз сезүү өтө оор" экенин да айтты. Брахими алжирдик кексе дипломат.

Августта мурдакы чабарман Кофи Аннан Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин мүчөлөрү арасында калабаны токтотуу боюнча мунасанын жоктугу тараптарды элдештирүүгө жолтоо болгонун айтып, кызматтан кеткен. Оппозиция активисттеринин ырасташынча, былтыр мартта Башар Асаддын режимине каршы көтөрүлүш башталгандан бери 20 миңдей адам бейажал өлгөн.

БУУнун балдар фонду - ЮНИСЕФтин маалымдашынча, өткөн катаал аптада кеминде 1600 адам жайран болду.

XS
SM
MD
LG