Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:10

Сатыбалдиев эки күн ичинде программасын Жогорку Кеңешке сунуштайт


Премьер-министрликке сунушталып жаткан президенттин аппарат башчысы Жантөрө Сатыбалдиевге эки күндүн ичинде өзүнүн программасын жана өкмөттүн түзүмүн сунуштоо тапшырмасы берилди. Бул тууралуу Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков кабарлады.

Парламенттги жаңы түзүлгөн коалициянын лидери Феликс Куловдун айтымында, өкмөттүн түзүмү жана курамы кескин өзгөрбөйт. Өкмөт башчынын жоопкерчилигин жогорулатуу боюнча айрым сунуштар киргизилиши ыктымал.

Бүгүн Жогорку Кеңеште КСДП, “Ата Мекен” жана “Ар-намыс” фракцияларынан турган “Ырыс алды - ынтымак” коалициясы түзүлдү. Буга чейин аталган үч фракция тең Жантөрө Сатыбалдиевдин талапкерлигин колдогон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG