Чүйдүн Панфилов районуна караштуу Панфилов айылында ушу тапта 114 үй электр жарыгы жок турат. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ишканасынын маалымат кызматынан кабарлашты. Кечээ, 3-сентябрда түштөн кийин жолдо кетип бараткан КАМАЗдын чиркегичи чыгып кетип, жол боюндагы трансформаторду барып сүзгөн. Өрт чыгып, трансформатор менен кошо зымдар да жабыркаган. Учурда авариянын кесепеттерин жоюу боюнча иштер уланууда. КАМАЗдын айдоочусу эми "Түндүкэлектрге" 318 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирилет. (RK)