Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:26

Сирия боюнча эл аралык чабарман Лахдар Брахими БУУнун Башкы ассамблеясында сүйлөйт


Сирия боюнча эл аралык чабарман Лахдар Брахими Нью-Йорк шаарында Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында Сириядагы куралдуу жаңжалды чечүүнүн жолдору боюнча өз көз карашын билдирет.

1-сентябрда атайын кызматты аркалоого киришкен Брахими Би-Би-Си компаниясына берген маегинде кандуу жаңжалды дипломатиялык жол менен чечүү дээрлик мүмкүн эместигин айткан. Ошол эле учурда чабарман жаатташкан эки тарап менен тең байланыштарды түзүүгө аракеттенет.

Ушул тапта Дамаскта жүргөн Эл аралык кызыл чырым уюмунун башчысы Петер Маурер президент Асад менен жолугаары дайын болду.

"Сүйлөшүүдө негизинен Алеппо, Дамасктын чеке-бели жана башка жерлерде сириялык кызыл чырым туш болуп жаткан тоскоолдуктар тууралуу сөз болот. Алдыда кызыл чырым артыкчылык берген маселелер дагы козголот” , - деди аталган уюмдун маалымат катчысы Хичам Хассан.

Козголоңчулар Алеппо провинциясындагы ал-Баб шаарын талкалаганы үчүн өкмөттүк күчтөрдү айыптады. Алардын маалыматында соккуда 25 киши өлгөн, ал эми дүйшөмбү күнкү кармаштарда 100гө чамалуу адам набыт болгон.

XS
SM
MD
LG