Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:51

"Ата-Журттун" тарапкерлери парламент алдына митингге чыкты


Ушу тапта Жогорку Кеңештин алдында "Ата-Журт" партиясынын тарапкерлери катышкан митинг өтүүдө. Аталган партиянын өкүлү Нургазы Анаркуловдун "Азаттыкка" айтымында, чогулгандардын саны үч жүздөй адам. Алар "Ата-Журт" фракциясынан депутат Хажимурат Коркмазовду "улут аралык мамилелерге чок салды, ошондуктан депутаттык мандатын тапшырсын, партиядан чыксын жана жоопко тартылсын" деген талаптарды коюп жатат.

Жакында Хажимурат Коркмазов жана дагы эки депутат "Ата-Журттан" чыкканы тууралуу жарыялаган. Коркмазов өзүнө карата айтылган дооматтарды четке кагууда. (ZB/RK)

XS
SM
MD
LG