Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:30

Сатыбалдиев программасын 3 ай мурда даярдаганын айтты


Өкмөт башчылыкка талапкерлиги көрсөтүлгөн Жантөрө Сатыбалдиев депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, парламентке сунуштаган программасын 3 ай мурда даярдаганын билдирди.

5-сентябрда жаңы өкмөттүн курамы талкууланган Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлдөрү Жантөрө Сатыбалдиевден программаны ким, качан иштеп чыкканын сурашты. Сатыбалдиев “Бул программаны президент кийинки түзүлө турган өкмөткө сунуш кылат деп алдын-ала түзүп жатканбыз” деди.

Кечээ кечинде Жантөрө Сатыбалдиев премьер-министрликке бекитилди. Буга чейинки өкмөт коалициялык көпчүлүк ыдырагандыктан мөөнөтүнөн мурда кызматтан кеткен. (AKu)

XS
SM
MD
LG