Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:48

Кыргызстанда КМШнын эл аралык турнири башталды


Чолпон-Ата шаарында 4-сентябрдан 12-сентябрга чейин КМШ өлкөлөрүнүн Эл аралык VIII спорт турнири өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.

Кечээ анын ачылышына Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Тажикстан, Беларус, Украина, Азербайжандан спортчулар келди. Спорттун 15 түрү боюнча өтө турган мелдешке 600 спортчу катталган.

Эл аралык турнир 2010-жылы КМШ өлкөлөрүнүн башчыларынын кеңеши тарабынан кабыл алынган 2011-2012-жылдары гуманитардык кызматташуу планына ылайык уюштурулуп жатат. Быйылкы жыл КМШ өлкөлөрүнүн башчылары тарабынан “Спорт жана сергек жашоо образынын” жылы деп жарыяланган. (AKu)

XS
SM
MD
LG