Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:40

Ала качуудан жан кыйган кыздын туугандары сот жылганына нааразы


Ала качуунун курмандыгы болгон Ысык-Көл облусунун Ак-Cуу районунун тургуну, Ырыс Касымбай кызынын туугандары Акыйкатчы институтуна кайрылып, сот иши улам жылып жатканына нааразы болушкан. Маркумдун туугандарынын айтымында, соттун эмне себептен жылганы да түшүндүрүлгөн эмес. Сотту чагылдыруу үчүн Жапония, Германия жана Чехиядан журналист, бейөкмөт уюмдун өкүлдөрү келген.

Ак-Cуу районунун тургуну, 20 жаштагы Ырыс Касымбай кызы ала качып кеткенден кийин асынып алган. Акыйкатчы Турсунбек Акундун “Азаттыкка” маалымдашынча, 8-июнда аны Шаимбек Иманакунов ала качып кетип, ошол эле күнү кыздын эркине каршы нике кыйылган. Бирок Иманакунов Ырыс менен сүйлөшүп үйлөнүшкөнүн, ала качпаганын билдирген болчу.

Окуя боюнча облустук ички иштер башкармалыгы кылмыш ишин козгогон. Сот иши 5-сентябрдан 12-сентябрга жылды. (КЕ)

XS
SM
MD
LG