Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:28

Вице-премьер-министрлер дайындалды

Президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгына ылайык, биринчи-вице-премьер-министрлик кызматка Жоомарт Оторбаев, экономика жана инвестиция боюнча вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев, социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министр Камила Талиева, министр макамындагы өкмөт аппаратынын жетекчиси Нурханбек Момуналиев дайындалды.

Президенттин дагы бир жарлыгына ылайык, Аалы Карашев премьер-министрдин милдетин аткаруучу кызматынан бошоду.

Кечээ Жогорку Кеңеш Жантөрө Сатыбалдиевди өкмөт башчылыкка бекитип, өкмөттүн жаңы курамын колдоп берген. Жаңы өкмөт КСДП, “Ата Мекен” жана “Ар-намыс” фракциялары жаңы коалиция түзгөндөн соң куралууда. (КЕ)
XS
SM
MD
LG