Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:06

“Король Лир” спектакли коюлат


Чыңгыз Айтматов атындагы улуттук орус драма театрында эртеңден баштап Уильям Шекспирдин белгилүү “Король Лир” пьесасы боюнча спектакль коюлат. Аны Кыргызстандын, Орусиянын жана Армениянын актерлору даярдашты.

Театр атактуу чыгарма менен 78-театралдык сезонун ачат. “Король Лир” 8-9-сентябрда кечки саат 6да көрсөтүлөт. Балдар үчүн “Приключения Винни Пуха” жомогу боюнча спектакль башталат. Ал 8-сентябрда саат 11:00дө коюлат.

“Король Лир” XVI-XVII кылымдарда жашап өткөн англиялык улуу акын, драматург Уильям Шекспирдин классикалык чыгармаларынын бири. Анда IX кылымдарды чагылдырган, королдугун кыздарына бөлүп берип өзү талаада калган Лир королу тууралуу сөз болот. (AKu)

XS
SM
MD
LG