8-сентябрь журналисттердин тилектештигинин эл аралык күнүнө карата бүгүн Кыргызстандагы "Журналисттер" коомдук бирикмеси бир катар иш-чараларды уюштурду. Маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн арасында ар түрдүү сынактар, оюндар уюштурулуп, мыктыларына баалуу белектер тапшырылды. Иш-чара Бишкектин түштүк-чыгыш тарабындагы "Журналисттер аллеясында" өткөрүлдү.
Эл аралык жана жарандык уюмдар Кыргызстанда журналисттердин тилектештиги жоктугун, маалымат каражаттары бийликчил жана оппозициячыл болуп эки жээкке бөлүнүп алышканын айтып келишчү. (КЕ)
Эл аралык жана жарандык уюмдар Кыргызстанда журналисттердин тилектештиги жоктугун, маалымат каражаттары бийликчил жана оппозициячыл болуп эки жээкке бөлүнүп алышканын айтып келишчү. (КЕ)