Сот Мухаммад Азам Хан Курандын сүрөлөрү басылган кагазды өрттөдү деп айыпталып, Исламабадда 16-августта камакка алынган Римша Масихти күрөөгө бошотууну буйруду. Кыздын чөнтөгүнө Курандын күйгөн барактарын салып койгон деп шектелген молдо өткөн ишембиде камакка алынгандан кийин кызды бошотуу талабы күч алган эле. Масихтин адвокаты Тахир Навеед Чауд Хры "Азаттыкка" кызды бошотуу үчүн 10 жарым миң доллар акча күрөөгө коюлганын билдирди. Ал мындай учурларда айыпталуучуга жан тарткандардын өмүрү коркунучта экендигин эскертти:
- Менимче мындай сот иштеринде айыпталуучуну жактап, үнүн көтөрүп койгон эле адамдын өмүрү коркунучка туш келет.
Мусулмандар басымдуулук кылган Пакистанда Куранга же Мухаммед пайгамбарга акарат келтирүү өлүм жазасы менен жазаланышы мүмкүн. Укук коргоочулар өчөшкөндөр бирине-бири, же диний азчылыктарга каршы көп колдонулган бул мыйзамды кайра карап чыгууга чакырып келишет.