Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:19

Канада Ирандагы элчилигин жапты


Ирандын Сирияга курал менен жардам бергени үчүн Канаданын Тышкы иштер министрлиги Тегерандагы элчилигин жапканын бышыктап, Канададагы бардык ирандык дипломаттарды «персона нон грата» деп жарыялады.

Өз билдирүүсүндө министрлик өз чечимин «Ирандын режими Сириянын президенти Башар ал-Асаддын режимине согуштук жардамын улам көбөйтүп жаткандыгы» менен түшүндүрдү.

Министрлик ошондой эле Ирандын «Израилди такай коркутуп, өзүнүн ядролук программасы боюнча Бириккен улуттар уюмунун резолюциясын аткарбай келаткандыгын» белгилейт. Билдирүүдө ирандык дипломаттар Канададан беш күндүн ичинде чыгып кетиши керектиги айтылат.

XS
SM
MD
LG