Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:35

Бишкекте ислам проблемаларын талкуулап жатышат


Бишкекте бүгүн «Мусулман биримдиги» деп аталган эл аралык конференция өтүүдө. Ага Орусиянын, Тажикстандын, Монголиянын муфтийлери, Казакстан муфтийинин орун басары, Пакистан жана Иерусалимден келген ислам аалымдар жана имамдары катышып жатат. Анда мусулман дүйнөсүндөгү радикал агымдарга бөгөт коюу, илгертен жергиликтүү эл тутунуп келген исламдын салттуу багыттарын өнүктүрүү зарылдыгы белгиленди.

Аларды ушул эле күнү Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков кабыл алды. Эл аралык жыйындын катышуучулары Ала-Тоо аянтында 7-апрелде шейит кеткендердин арбагына куран окушту. (ZB)

XS
SM
MD
LG