10-сентябрда Кыргызстандагы Беларус элчилигинин алдында нааразылык акциясы уланаарын “Азаттыкка” “Мекен шейиттери” бирикмесинин төрагасы Осунбек Жамансариев билдирди.
- Эгерде соттун өкүмү чыкса, Бакиевдердин күнөлүү экенин баары кабыл алмак, ошол эле Минск, Кишенев келишимин аткаруу комитеттери да. Азыр соттун өкүмү жок болгон үчүн баары “саясий куугунтук” деп, ошого шылтап Бакиевдерди өткөрүп бербей жатышат.
Осунбек Жамансариев соттун өкүмү чыкканга чейин Беларус эч кандай кадам жасаарына ишенбесе да жарандык коомдун өкүлдөрү каршылыгын билдирүүнү чечишкендиктен акция уюштуруп жатышканын кошумчалады.
“Мекен шейиттери”, “Айкөл Ала-Тоо” бирикмелеринин өкүлдөрү Беларустан Бакиевдерди Кыргызстанга өткөрүп берүүсүн талап кылып келишет. Алар 28-августта да элчиликтин алдында каршылык акциясын өткөрүшкөн.
Мурдагы президент Курманбек Бакиев жана анын жакындарына апрель окуясындагы 80ден ашуун адамды атууга тиешеси бар деп кылмыш иши козголгон. (AKu)