Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:37

Санк-Петербург: кыргызстандык жарандын өлүмү боюнча тергөө уланууда


Санкт-Петербургда 26-августта сөөгү табылып, кийинчерээк Кыргызстанга жөнөтүлгөн жарандын өлүмү боюнча тергөө иши уланууда. Эртең бул окуя боюнча шектелип жаткандардын баш коргоо чарасын аныктоо боюнча сот болот. Мындай маалыматты Орусияда укук тармагында иш алып барган “Ариет” уюмунун жетекчиси Сара Жакыпова билдирди.

Эртең сотко барууга камданып жаткан юрист Сара Жакыпованын айтымында, окуя болгон күнү каза болгон 27 жаштагы Самат Мамасалиев жана жарат алган дагы бир кыргызстандык жаран экөө спирт ичимдигин ичип отурушкан. Алар жолдо өтүп бараткан жергиликтүү жигитке тийишкенде ал өзүнүн 16 досун ээрчитип келип, кыргызстандыктарды токмоктоп койгон. Жыйынтыгында Самат Мамасалиевдин башына бөтөлкө тийип мерт болгон.

Азыр ооруканага жатып чыккан кыргызстандык жаран жана экинчи тараптан табылган 3-4 киши тергөөдө көрсөтмө берүүдө. (AKu)

XS
SM
MD
LG