Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:08

Сирия: Алепподогу жарылуудан 7ден ашык адам мерт кетти


Алеппо шаарында жекшембиде мина коюлган автоунаа жарылып, эң аз дегенде 17 адам өлүп, 40ка жакыны жарат алды. Президент Башар Асаддын бийлиги көзөмөл кылган САНА агенттиги бул жарылууну козголоңчулар уюштурду деп кабарлады.

Сириянын мамлекеттик телеканалы көрсөткөн тасмада өрт өчүргүчтөр албууттаган жалынды өчүрүп, куткаруучулар жардыруудан кийинки калдыктарды чогултуп жатканын көрүүгө болот.

Алеппо - Сириянын батышындагы үч миллионго жакын калкы бар ири шаар. Шаарда өкмөттүк күчтөр менен оппозициячыл козголоңчулар ортосунда бир нече жумадан бери салгылашуулар уланууда. Түркия менен чектешкен бул шаарды козголоңчулар колдон чыгарбоого аракет кылып келишет.

Сириядагы согушту токтотуу боюнча эл аралык коомчулуктун аракеттери азырынча жыйынтык бербей жатат. Жекшембиде БУУнун жана Араб лигасынын Сирия боюнча атайын чабарманы Лахдар Брахими Каирге келди. Ал Араб лигасынын жана Сирия оппозициясынын өкүлдөрү менен өткөн жылдын мартынан бери уланып жаткан согушту жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

XS
SM
MD
LG