Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:16

ЖК комитети Орусиянын аскер базаларынын төлөмдөрү боюнча маселени кароодо


Жогорку Кеңештин коргоо жана коопсуздук комитети бүгүн Кыргызстанда жайгашкан Орусиянын аскердик базаларынын төлөмдөрү тууралуу маселени карап жатат. Коргоо министринин орун басары Замир Суеркулов Орусиянын Канттагы аскерий аба базасынын коммуналдык төлөмдөрү үчүн чек коюуну, чектен ашканын өздөрүнө төлөтүүнү сунуш кылды. Буга ЖК депутаты, социал-демократчы Исмаил Исаков каршы чыгып, бардык төлөмдөрдү базалар өзү төлөшү керек деп, база башчылыгы кыргызстандык учкучтарды окутууга акыны жогорулатып жатканын эскертти. Ал эми “Ар-намыс” фракциясынын мүчөсү Токон Мамытов Кант аба базасы жеке Орусияга эмес, ЖККУга тиешелүү экенин, бул жерде уюмдун мүчөсү катары Кыргызстандын да кошкон салымы болушу керектигин белгиледи. (KE;ZKo)

XS
SM
MD
LG