Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:08

АКШ Баграмдагы түрмөнү Оогандарга кайтарды


Кошмо Штаттар дүйшөмбү күнү Баграм түрмөсүн Ооган өкмөтүнө расмий түрдө өткөрүп берди. 3 миңден ашуун адам отурган абакжайды өткөрүп берүүнү Ооган тарап өлкөнүн эгемендигинин чоң жышаанасы катары көрөт. Серепчилер муну НАТО башындагы эл аралык күчтөрдүн 2014-жылдын аягына Ооганстандан биротоло чыгып кетүүсүнүнө даярдыктын жүрүшүндөгү зор кадам катары баалашууда. “Бүгүн 3182 арестант бизге өткөрүлдү”,- деп билдирди 10-сентябрдагы салтанатта Ооганстандын аскердик полициясынын командири Сайфулла Сафи.

XS
SM
MD
LG