Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:33

Косовону Эл аралык администрация башкарбай калды


Косовонун эгемендигине көзөмөлдүк кылган Эл аралык жарандык администрация дүйшөмбү күнү миссиясын аяктады. Береги администрация 2008-жылы албан калктуу Косово чөлкөмү өзүн Сербиядан күнкорсуз мамлекет деп жарыялагандан кийин Батыш мамлекеттери тарабынан түзүлгөн. Миссиянын бүтүшү - Косовонун төбөлсүздүгүн күбөлөгөн чоң жышаана. Бирок НАТО башындагы эл аралык бейпилдик күчтөрү (KFOR) жана Евробиримдиктин полициясы, ошондой эле Улуттар Уюмунун миссиясы Косоводо кала берет. БУУнун миссиясын аяктоого Орусия каршы болгон. Москва Сербия сыяктуу эле Косово Белградка баш ийиш керек деп эсептейт. Косовонун өкмөт башчысы Хашим Тадичтин билдиришинче, өлкө эл аралык уюмдардын, анын ичинде НАТО жана Евробиримдиктин “толук укуктуу мүчөсү” болууну каалайт.

XS
SM
MD
LG