Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:51

АКШ Катын кыргыны тууралуу мурда эле билгени ачыкка чыкты


Дүйшөмбүдө ачыкка чыккан архивдик материалдар АКШ жетекчилигинин Катын кыргыны тууралуу мурдатан эле маалыматы болгонун тастыктады. Архивдик документтерге ылайык, 1943-жылы эле америкалык согуш туткундары Смоленсктеги Катын токоюнда миңдеген адамдын сөөктөрүн көрүшкөнүн билдирип, Вашинтонго маалымат жиберген. Бул Германиянын кыргынга тиешеси жок экенинин далили болгон.

Бирок ал учурдагы президент Франклин Рузвельттин администрациясы Советтер Союзу менен мамилени бузуп алуудан чочулап, бул маалыматты ачыкка чыгарган эмес.

1940-жылы мурдагы Советтер Союзунда жетекчилердин буйругу менен 22 миңге жакын польшалык аскер атып өлтүрүлгөн.

1990-жылы гана СССР Катын кыргыны үчүн жоопкерчиликти моюнуна алган.

XS
SM
MD
LG