Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:17

Чехияда метанол кошулган ичимдиктен жети киши көз жумду


Уулуу метанол аралашкан алкоголдук ичимдиктен дагы аз дегенде төрт киши өлдү. Ошону менен өлкөдөгү акыркы 30 жылдан берки эң каргашалуу уулануунун курмандыктарынын саны жетиге жетти. Дагы 22 киши ооруканада жатат, айрымдарынын абалы кыйын. Өкмөт башчысы Петр Нечас "кырдаал өтө оор" экендигин белгилеп, тийиштүү министрликтерге жарандардын саламаттыгына мындан ары мындай коркунуч келтирилбеши үчүн кандай аракеттер көрүлүп жаткандыгы тууралуу маалымат берүүнү тапшырды. Ууланууга байланыштуу 36 жаштагы киши камакка алынды. Жасалма ичимдиктин кайдан чыкканын аныктоо үчүн бийликтер бүт өлкө боюнча ресторан, барларды, ичимдик саткан дүкөндөрдү жана көчө базарларын текшерип жатат.

XS
SM
MD
LG