Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:09

Жаңы өкмөт ант берди


Жаңы дайындалган премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев башында турган өкмөттүн жаңы курамы Жогорку Кенеште ант берүүдө. 15 министрлик, бир нече агенттик, комитеттерден турган жаңы өкмөттүн курамын депутаттар өткөн шаршембиде жактырган. Каржы министри болуп дайындалган Ольга Лаврова кыргыз тилинде ант берип, бирок Конституцияга колун койбой койгону үчүн антты кайрадан орус тилинде кайталады. Жаштар, миграция жана жумушка орноштуруу министри Алиязбек Алымкуловдун ант берүүнү "Биссимилда ырахмани ырахиим" деп баштаганы депутаттардын сынына кабылды.

Өкмөт Социал-демократтар, "Ар-намыс", "Ата Мекен" фракциялары кирген коалициянын сунушунун негизинде куралды. Коалицияга кирбей калган "Республика" жана "Ата-Журт" фракциялары биригип, "Мыйзамдуулук жана адилеттүүлүк" деп аталган оппозициялык альянс түзгөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG