Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:48

Абактарда дары-дармекке керек делген каражаттын 6% гана бөлүнөт


Бул тууралуу “Эркиндик үнү” уюмунун өкүлү Элмира Эсенаманова билдирди. Аталган уюм абак жайлардагы адам укуктарынын сакталышы боюнча иликтөө жүргүзгөн. Анда абак-жайларда быйыл ооругандар көбөйгөнү, өзгөчө дем алуу органдары, анан нерв системаларынан жабыркагандар көп экени белгилүү болду. Бирок мамлекет дары-дармекке керек делген каражаттын 6% гана бөлүп берет. Мындан сырткары кылмышка шектүү адамды милиция кармаган алгачкы күндөрү кыйноо көп кездешери, кыйноонун колу-буту менен тепкилеп, сабап, желим баштык кийгизген түрү көп колдонуларын сурамжылоого катышкандар айтышкан. Мындан улам укук коргоочулар милиция менен сотту тезинен реформалоону сунуштап жатышат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG