Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:48

Тажик мигранты Путинге ода ырдады


Орусия - Тажикстандык мигрант ырчы Толибжон Курбанханов
Орусия - Тажикстандык мигрант ырчы Толибжон Курбанханов

Орус президенти Владимир Путинди шайлоо алдында мактап ырдап атагы чыккан тажик мигранты Толибжан Курбанханов “кумирине” арнап дагы бир ыр чыгарды. Бул ирет ал Путиндин 60 жылдык мааракеси менен биринчилерден болуп бир ай мурун эле куттуктады.

Орус оппозициясы президент Владимир Путиндин саясатына каршы кезектеги “Миллиондор маршына” элди үндөп жаткан чакта, Орусияда иштеген тажик мигранты Путинге арнап кезектеги ырын чыгарып, интернетте кызыктуу талкууга жол ачты. Орус президентин кудайга салыштырган тажик ырчысы бул одасы менен интернетте катуу шылдыңга кабылды.

Тажикстандык мигрант Толибжан Курбанханов президенттик шайлоо алдында Путинди жерге сууга тийгизбей мактаган ВВП деген ыры менен белгилүү болгон эле. Бул ирет ал Путинди 1 ай мурун туулган күнү менен куттуктап ырдап, орусиялыктарды “өз баатырын” урматтоого чакырды. Бирок орус президентин кудайга салыштырган тажик ырчысы бул одасы менен интернетте катуу шылдыңга кабылды.

- Кымбаттуу достор, өлкө башчысын урматтоо - бул Орусия энебизди урматтагандык. Мен аны кандай урматтасам, сен да ошондой урматта, Орусия!
Толибжандын президент Путинди куттуктаган ыры



Толибжандын Путинди ашкере мактаган ырлары орус оппозициясынын кыжырын кайнатып жатат. Мисалы, оппозиционер Алексей Навальный өзүнүн блогуна Толибжандын ырын жайгаштырып, муну путинчилер каржылап жатса керек деп жазды. Интернет сайттарда чоң талкууга жем таштаган ырдын автору Толибжанга телефон аркылуу байланышканыбызда, ал каржылоо тууралуу сөздү четке кагып, керек болсо он ыр жаздырып, клип тарттырганга күчүм жетет деп арданды. Андан Путинди эмне үчүн жакшы көргөнүн сурадык:

- Эмне үчүн Путин дейсизби? Мен бала чагыман эле саясатка кызыгам. Ар бир адамдын кумири болот эмеспи, мисалы менин кумирим батыш ырчылары же киноактерлору эмес, саясатчы Путин. Анын ишмердигине дайыма байкоо салып турам. Каржылоо жөнүндө сурооңузга жооп бере албайм, бирок мен дагы он ыр жаздырганга өзүмүн эле күчүм жетет,- деп жооп берди мигрант ырчы Толибжан.

Путиндин маанайы мигранттардын көз кырында

Орус оппозициясынын айрым өкүлдөрү Путиндин шайлоо компаниясындагылар ага карата ода ырдатып, керек болгон учурда мигранттарды бийликти колдогон митингдерге да пайдалана коёрун айтып чыгышкан.

Москвада иштеген кыргызстандык мигрант Улук Жапаров чын эле Путин мигранттарга каарын төкпөсө экен деп баарыбыз Кудайдан тилейбиз дейт:

- Алмазбек Атамбаев Орусияга келип, карызыңарды төккүлө дегенден кийин кыргызстандык мигранттарга жарандык берүүнү кыйындатып, мамиле да өзгөрүп калды. Москвада өзбек, тажик мигранттарына караганда кыргыздар кенен басып турушчу. Казактардан кийин эле биз болчубуз өзүбүздү эркин сезген.

Толибжандын ыры тууралуу Улукбектин да кабары бар, ал тургай азыр мигранттар арасында Путинди мактап ырдаган тажик жигитине үй белекке берилгени тууралуу да сөз тараган:

- Толибжонго Путин тарабынан үй берилип, жарандык да алып беришиптир деп уктум. Ушундай сөздөр бар.

Путинди, керек болсо анын апасын кошо мактап ырдаган Толибжон интернеттеги толгон-токой сындарга кылым кыйшайбайт деди. Кумирине арнап ыр чыгаруу анын өзүнө да жагат экен.


Толибжандын шайлоо алдындагы ВВП аттуу ыры


  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG