Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:31

Apple жаңы IPhone-5ти ачыкка чыгарды


Apple компаниясы төгөрөктүн төрт бурчунда көпчүлүктүн сүймөнчүгүнө айланган Айфон чөнтөк телефонунун алтынчы сериясын элге көрсөттү. Сан-Францискодогу киши котологон салтанатта Apple-дин маркетинг боюнча жетекчиси Фил Шиллер IPhone-5ти «айтып бүткүс керемет» деп мүнөздөдү. Технологиялар чөйрөсүндө бул телефонду чыдамсыздык менен күтүп жатышкан. Мурдагысынан жеңил да, сындуу жана күчтүү да келген IPhone-5 тууралуу бир нече айдан бери сөз кылып келишти. Шиллер жаңы IPhone буга чейинки чөнтөк фондордун эң ичкеси экендигин, салмагы болгону 112 грам болоорун билдирди. Ал жаңы IPhone алаканга батымдуу экендигин жана аны LTE өңдөнгөн тез иштөөчү уюлдук интернет тармамактарында колдонсо болоорун кошумчалады. Аналитиктердин болжолунда, алдыдагы айларда жаңы Айфон он миллиондоп сатылат.

XS
SM
MD
LG