Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:06

АКШ Ливияда эки кемесин, 50 аскерин жайгаштырды


Алар АКШнын Триполидеги элчилигинин коопсуздугун камсыз кылышмакчы. Коопсуздук жүйөсүнөн улам АКШнын Бенгазидеги консулдугунун кызматкерлери бейшембиде Триполиге эвакуацияланды.

Бул аралыкта АКШ президенти Барак Обама Египеттин жана Ливиянын лидерлерине телефон чалып, коопсуздук боюнча кызматташтык маселесин талкуулады.

Мурдараак Обама Вашингтондон сүйлөгөн учурунда Бенгазидеги консулдукка жасалган кол салуу АКШ менен Ливиянын мамилесин үзбөсүн, Вашингтон Триполидеги бийликтер менен кол салгандарды жоопко тартуу үстүндө иштешерин белгилеген. (UE)

XS
SM
MD
LG