Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:52

Таластыктар сейил бактын атын жактырбай жатат


Талас шаарынын борборундагы сейил бакка Панфилов деген ат берилди. Акыйкатчынын облустагы өкүлү Арзыкан Момунтаева 14-августта шаардык кеңеш чыгарган мындай чечимге шаардын активисттери каршы болуп жатканын “Азаттыктын” аймактагы кабарчысына билдирди.

Жергиликтүү жаш активисттер ушундай эле аталыштагы бак Бишкекте да бар экенин белгилеп, шаардык кеңеш элдин пикирин сурабай койгонуна нааразы.

Таластын аталган сейил багында оюн-зоок аттракциондордон сырткары ар кандай эсетликтер бар болчу. Жакында апрель окуясында курман болгондорго арналган эстелик аллеясы да ушул бактын ичинде жайгашкан. (MbA/AKu)

XS
SM
MD
LG