Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Сентябрь, 2023-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:22

Бенгази: АКШ элчилигине кол салуу боюнча төрт киши камалганы такталды


Мындай маалыматты Ливиянын ички иштер министри Фавзи Абдал а-Ал тактады. Бул АКШ консулдугуна жасалган кол салуу боюнча 50дөй киши камакка алынганын жекшембиде жарыялаган Ливиянын парламент төрагасы Мохаммед ал-Магрифтин айтканына караганда алда канча аз. Ички иштер министри парламент төрагасы айткан 50 адам тергөөгө чакырылуучу кишилер болушу ыктымалдыгын эскертти.

- Менимче, 50 киши камалган жок, бирок алар тергөөгө чакырылышы мүмкүн. Төрт киши камалды жана ошондой эле иликтөө талап кылынуучу адамдардын тизмеси бар. Алар тергөөгө чакырылышат, а түгүл камакка алынуусу да мүмкүн, -деди Ливиянын ички иштер министри.

АКШ консулдугуна жасалган кол салуу боюнча 50дөй киши камакка алынганын Ливиянын парламент төрагасы Мохаммед ал-Магриф кечээ жарыялаган. Ал бул иш алдын ала чет элдик экстремисттер тарабынан пландалган деген пикирин да билдирген. Расмий Вашингтон Бенгазидеги элчиликке кол салуу мурдатан даярдалгандай эместигин билдирүүдө.

11-сентябрдан 12сине караган түнү, Бенгазиде АКШ консулдугуна жасалган чабуулдан төрт дипломат, анын ичинде америкалык элчи каза тапкан.

Окуя Мухаммед пайгамбар тууралуу АКШда жеке адамдар тарабынан даярдалган фильмдин үзүндүлөрү Интернетке жайгаштырылгандан кийинки нааразылык акциясы учурунда болгон. Бенгазиге чейин фильмге байланыштуу нааразылык акциясы Каирде, АКШ элчилиги астында өткөн.

XS
SM
MD
LG