Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:03

Америкалык аскерлер Пригородное айылындагы бала бакчаны оңдоп берди


"Манас" аба майданындагы Транзиттик жүк ташуулар борбору Чүйдүн Пригородное айылындагы бала бакчаны оңдоп берди. 18-сентябрда жаңыланган бала бакчанын ачылыш салтанаты болот. Транзиттик жүк ташуулар борборунун маалымат катчысы Алиман Темирбектин айтымында, бул долдоорго 25 миң доллар сарпталды. Пластиктен жасалган 66 терезе, каалга орнотулуп, биринчи кабаттагы линолеум алмаштырылды. Ошондой эле 100 литрлик суу жылыткыч коюлду.

Аталган борбор НАТОнун Ооганстандагы антитеррордук операциясынын алкагында иштеп жатат. Аскер контингентин америкалыктар түзөт. (RK)

XS
SM
MD
LG