Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:40

Орусия чуулгандуу фильмге тыюу салганы жатат


“Күнөөсүз мусулмандар” деген ат менен АКШда жеке адамдар тарабынан чыгарылган фильм Орусияда “экстремисттик” деп табылышы мүмкүн. Сотко мына ушундай арыз менен өлкөнүн Башкы прокуратурасы кайрылганы жатат. Орусия прокуратурасынын өкүлү Марина Гридневанын айтымында, жүргүзүлгөн текшерүүнүн натыйжасында сотко доо арыз даярдалды жана Интернет кызматын көрсөтүүчүлөргө фильмди жайылтпоо жөнүндө эскертүү берилди.

Бул аралыкта фильмге байланыштуу нааразылык акциялары мусулман дүйнөсүндө кечээ да уланды. Ливандын борбору Бейрутта көчөгө миңдеген адам чыкты. Индонезия борбору Жакартада жүздөгөн демонстрант полиция менен кагылышты.

Ооган борбору Кабулда демонстранттар унааларды өрттөп, АКШ базасына таш ыргытышты. Азербайжан борбору Бакуда 20дай демонстрантты полиция АКШ элчилиги сыртынан кармап кетти. (UE)

XS
SM
MD
LG