Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:10

Иран өзөктүк жайларына “диверсия” жасалганын айтууда


Ферейдун Аббаси -Давани.
Ферейдун Аббаси -Давани.
Бул тууралуу өлкөнүн Атомдук энергия боюнча уюмунун башчысы Ферейдун Аббаси –Давани кечээ МАГАТЭнин Венедагы жыйыны учурунда билдирди:

- Агенттикке террорчулар менен диверсанттар кирип кетиши жана жашыруун чечимдерди жасап жатышы мүмкүн. Биз улуу урматтуу баш директорду жана анын кесиптештерин бул маселе боюнча кабардар кылып, тийиштүү эскертүүлөрдү берип коюшубуз зарыл.

Тегерандык өкүл ырастагандай, диверсанттар өлкөнүн негизги эки өзөктүк жайын электр өткөрүү түйүндөрүн жардыруу менен бутага алган.

Маселен уран байытуучу Фордо комплекси 17-августтагы жарылуудан кийин электр кубатысыз калган. Окуя БУУнун инспекторлору күтүүсүздөн эле комплекске киргизүүнү өтүнгөндөн бир күн алдыда болгон. Электр кубатынын келишин үзгүлтүккө учураткан жардыруу Натанз өзөктүк жайында да болгон.

АКШ баш болгон Батыш өлкөлөрү Иран өзөктүк программасына жамынып, өзөктүк курал жасайбы деп чоочулайт.

Программасы тынчтык максатты гана көздөрүн ырастаган Иран аны үзгүлтүккө учуратууга умтулганы үчүн маал-маалы менен АКШны жана Израилди айыптап жүрөт. МАГАТЭ болсо Ирандын талаштуу өзөктүк программмасына толук текшерүү жүргүзө албай келүүдө. (UE)

XS
SM
MD
LG